Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Мамбетжунус Абылов Жогорку сотко арыз жолдоду

БИШКЕК. Кыргызстандын Малазиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов 27-январда Жогорку сотко арыз жолдоду. 18-январда №22 Каракөл-Ташкөмүр округдук шайлоо комиссиясы Шайлоо кодексинин 69-беренсине таянып Мамбетжунус Абыловду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тарткан. Андан көп өтпөй Каракөл шаардык соту да ушундай эле мазмундагы чечим кабыл алган. Кыргызстандын аткаруу бийлиги шайлоо кодексинин 69-беренесине таянып, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилери Роза Отунбаева, Мамбетжунус Абылов, Үсөн Сыдыков жана Медеткан Шеримкуловдун парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат бербей келет.
XS
SM
MD
LG