БИШКЕК. Жаштардын «Келкел» жарандык өнөктүгү аттуу коомдук уюм бейшемби күнү өзүнүн ишмердүүлүгүн расмий жарыялады. Пресс-конференцияда белгиленгенге караганда, коомдук уюм 15-январда негизделген жана ал эркин, чынчыл шайлоону камсыздоо үчүн салым кошуу максатын көздөйт. Уюмдун лидерлери ушул эле пресс-конференцияда өкмөттүн 2004-жылдын 4-декабрындагы «Каттоого алуунун жана каттоодон чыгаруунун жаңы тартиби» жөнүндөгү токтому ыңгайлуу шайлоочулардын санын көбөйтүү максатында атайын иштелип чыккан деп билдиришти. «Кел-кел» уюму бул токтом Жогорку окуу жайларынын жатаканаларына студенттерди мыйзамсыз каттоого шарт түзүүдө, ушул өңдүү мыйзамсыз аракеттерге каршы тынчтык жолу менен күрөшүү зарыл деп эсептейт. Ушул эле күнү маалымат жыйынын өткөргөн жаштардын дагы бир «Келкел» аттуу жаңы уюму коомдо стабилдүүлүктүн бузулушуна каршы турарын жана ар кыл ыңкылаптарды болтурбоо үчүн күрөшөрүн билдирди. Пресс конференциялар «АКИпресс» агенттигинде бири-бирине удаа уюштурулду.