Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Орусияда соода кылган Кыргызстандык бир атуул тоңуп өлдү


БИШКЕК. Бишкек-Новосибирск каттамында эл ташыган авто унаа Казакстандын Павлодар областына караштуу калк жашадаган таалада бузулуп, бир кыргызстандык атуул суукка тоңуп каза болуп, 12 адамдын денесин үшүк уруп кеткен. Кыргызстандын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалымат кызмат жетекчиси Эмил Акматовдун кабарлоосуна караганда, окуя 23-январда болгон жана кырсык тууралуу кыргыз бийлигине 26-январда кабарланган. Бишкектен жөнөгөн автобус Павлодар обласына караштуу аймакта жолдон адашып, катуу суукта керосин майы тоңуп талаада калган. Автобуста 38 адам болгон. Жураев.У аттуу жаран өз алдынча жардам издеп кетип жолдо тоңуп каза болгон. Калгандарын бир жарым күндөн кийин ошол аймактагы жайгашкан Орусиялык аскерлер куткарып калышкан. «Учурда Кыргызстандык атуулдар орусиялык аскерлердин ооруканасында даарыланышууда жана жакынкы күндөрү алар өз каражаттары менен Кыргызстанга келиши ыктымал» деп маалымдады Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалымат кызмат жетекчиси Эмил Акматов. Министрликтин кабарлоосуна караганда, жабырлаган атуулдарды куткарууга кыргыз өкмөтү тарабынан кандайдыр бир жардам көрүлгөн жок.

XS
SM
MD
LG