Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Кыргызстандык саясатчылар Венада маалымат жыйынын өткөрүштү


БИШКЕК. Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы деп, учурда чет өлкөдө жашап, иштеп жүргөн укук коргоочу Рамазан Дырылдаев 26-январда Эл аралык Хельсинки федерациясынын Австриядагы кеңсесинде Кыргызстандагы соңку саясий абал тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Ага «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова жана «Республика» партиясынын төрагасы Гияз Токомбаев катышышты. Алар Кыргызстандын аткаруу бийлиги парламенттик шайлоо алдында олуттуу мыйзам бузууларга барып жаткандыгын айтышып, ага мисал катары мурдагы элчилердин парламенттик шайлоого катыштырылбай, мамлекет башчынын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн шайлоого катыштырып жаткандыгын келтиришкен. Ошондой эле маалымат жыйында соңку мезгилдери кыргызстандын аткаруу бийлиги оппозициялык саясатчыларды парламенттик шайлоого өткөрбөөгө ар тараптуу аракет жасап жаткандыгы тууралуу фактылар айтылган.
Кыргызстандын аткаруу бийлиги мындай айыптоолорго макул эмес. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов буга чейин «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде Рамазан Дырылдаевди чет өлкөлүк уюмдардын акчасына жан багуу үчүн өз ата мекенин негизсиз каралап жүргөн атуул катары мүнөздөп, коомчулукту анын сөзүнө ишенбөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG