Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Швецарияда Давос дүйнөлүк экономикалык форуму ишин улантууда


Бүгүн 60тан ашык талкуу тобунда глобалдашуу, СПИД, Африка, айлана-чөйрө деген сыяктуу темалар талкууланып жатат. Лыжа курордундагы беш күндүк форумга миңдеген ишкерлер менен катар 20 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары, 70 чакты министр катышууда.

Кечээки ачылыш жыйынында Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр жалпы көйгөйлөрдүн тизмесин аныктоого жана бул иште Кошмо Штаттарын кызматташууга чакырды:

- Эгер Америка ал өзү аныктаган күн тартибине башкалар көмөктөш болсун десе, Вашингтон да аларды түйшөлткөн маселелерди көңүлгө алышы керек. Дүйнө элдери Американын чөгөлөшүн эмес, жалпы ишке аралашышын каалайт.

Парижден жөнөткөн видео-билдирүүсүндө Франциянын президенти Жак Ширак дүйнө лидерлерин жакырчылык, оорулар жана экстремизм сыяктуу тилсиз "цунамиге" каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG