Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Кытайда Компартиянын мурдагы жетекчисинин сөөгү ишембиде жерге коюлат

Жао Циаңды акыркы сапарга узатуу аземи Бейжиндин Бабаошан көрүстөнүндө өтөт. Бул көрүстөн революциячыл баатырлардын сөөгү коюлчу жер. Жао Циаң 1989-жылы демократиячыл активисттерге жан тартып, Кытай армиясынын Тянань-Мен аянтындагы демонстрацияны күч менен таркатышына каршы чыкканы үчүн кызматтан алынган эле. Ошондан бери үй камагында болгон Жао 17-январда 85 жашында көз жумду.
XS
SM
MD
LG