БИШКЕК. 28-январда Бишкекте Кыргызстандын мурдагы элчилери Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун укуктарын коргоо Комиттеринин өкүлдөрү нааразылык акцияны улантышты. Бул күнү да пикетчилер Кыргызстанда парламенттик шайлоо ачык-айкын өтсүн, мурдагы элчилер парламентке депутаттыкка талапкер катары катышсын деген талаптар жазылган плакаттар менен турушту. Нааразылык акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге кирүүгө аракет кылышты. Бирок, төраганын орун басары пикетчилерге Абдыганы Эркебаев жумуш ордунда жок деп маалымдады. Буга чейин төрага Эркебаев Кыргызстандын мурдагы элчилерине парламентке депутаттыкка катышууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору регламентти бузуу менен кабыл алынган деп маалымдаган. Буга байланыштуу пикетчилер нааразылыктарын билдиришүүдө. Бишкектеги нааразылык акция 29-январда улантылат.