Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Пакистандын түштүгүндө 16 шектүү адам камакка алынды.


Пакистан полициясынын айтымында, түндө алар Квета шаарында Талибан же "ал-Каида" террордук уюму менен байланышы бар деп шектелген 16 ооган жаранын кармады. Ал тууралуу бүгүн Белужистан провинциясынын полиция башчысы Чаудри Мохамед Якуб жарыялады. Талибан кыймылынын өкүлү молдо Аким Латифинин айтымында болсо, Кветада Талибанга тийешеси бар эч бир адам кармалган эмес. 2001-жылдан бери Пакистан полициясы ар башка шек менен алты жүзгө жакын адамды камакка алган.

XS
SM
MD
LG