Багдад шаарынын түштүгүндө бүгүн эртең менен бир машине жарылып кеткенден төрт карапайым адам курман болду. Өлкөнүн коопсуздук министри Касим Дауддун айтымында болсо Абу Мусаб аз-Заркавинин тобуна кирген эки адам кармалды, алардын бири Багдад шаарындагы террордук аракеттер үчүн жооптуу болгон. Заркавинин башы үчүн америкалык жетекчилик 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган.