Линктер

шейшемби, 23-май, 2017 Бишкек убактысы 05:26

Иракта парламенттик шайлоого акыркы даярдыктар көрүүлүдө.


Мекенинен сырткары жашаган миңдеген ирактык жарандар 30-январда өтө турган парламенттик шайлоонун алкагында добуш бере баштады. Жетимиш төрт атайын шайлоо түйүнү 14 мамлекетте ачылды жана андай добуш берүүгө катышат деп 280 миң адам катталды. Ирактын өзүндө болсо шайлоо жекшембиде өткөрүлөт, бирок бийлик жана чет өлкөлүк жетекчилер коопсуздукту камсыз кылуу маселесинен тынчсызданууда. "Исламдык революция боюнча жогорку кеңеш" деп аталган уюмдун жетекчиси Абдул Азиз ал-Хакимдин айтымында, согушчандар сырттан жардам алууда: "Өлкөдө өтө ири жана күчтүү террордук топтор бар, алар сырттан кеңири колдоо алат жана Иракты бөлүп-жарууга, коркунуч маанайын түзүүгө кызыкдар"

XS
SM
MD
LG