Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

ИРАК:ШИИЛЕРДИН МӨӨРӨЙҮ КОЛУНА ТИЙЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага. Жекшемби күнү Иракта өтө турган шайлоодо шиилердин саясий жана диний партияларынын жеңишке жетүүсү күмөн жаратпайт. Бирок ошентсе да добуш берүүдөн кайсы талапкерлердин тизмелери, кандай саясий топтор утушка ээ болоорун алдын алуу айтуу кыйын.

Жекшемби, 30 январда өтө турган шайлоодо шиилер партияларынын үстөмдүк кылуусу күтүлөт. Экспеттердин көбү Аятолла Али –Систани баштаган Бириккен Араб Альянсы добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болоорун айтып жатышат. Бирикккен Ирак альянсына эки эң чоң шии саясий партиясы: Ирак Исламдык Революциянын Жогорку Кеңеши жана Дава партиясы кирет. Бириккен Ирак Альянсын Ирак Ислам Революциясы аттуу партиянын жетекчиси, сүргүндө жашап келген саясатчы Абдул-Азиз-Ал Хаким жетектейт.
Шайлоодо Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Аяд Аллави жетектеген талапкерлердин да бир топ колдоого ээ болуусу күтүлөт.
Алдыда боло турган шайлоого талапкерлердин өздөрү алар кайсыл саясий партиялардан көрсөтүлбөсүн чоң маани берип жатышат. Бириккен Ирак Альянсынан талапкери Аднан Ажээл:

Биз оптимисттик көз караштабыз. Анткени Ирак эли, айрыкча бул жерде Нажафта жашагандар бир кишидей бириктик. Шайлоо Ирактагы кризисти жөнгө салуунун бирден-бир жолу. Менин пикиримде, ирактыктардын көбү диний жетекчиликти ээрчийт. Коопсуздук жаатында эч камтама жок, биз шайлоону өткөрүүгө даярбыз,- дейт Ажээл.
Бирок бул ирактык саясатчыдан айырмаланып, Лондондогу экономикалык мектептин серепчиси Яхия Саид шайлоодо айкын жеңүүчүлөр болбойт, деген көз карашта.

Менимче чечкиндүү жеңишке жетишкен тарап болбойт. Ирактын Бириккен Альянсы парламентте башкаларга караганда көбүрөөк орунга ээ болот. Бирок ал баары бир мандаттардын басымдуу бөлүгүн жеңип ала албайт,- дейт серепчи.

Саидтин пикиринде, өкмөттү түзүү үчүн альянс өзүнө өнөк караштырганга мажбур болот жана андай потенциалдуу өнөктөрдүн бири -жылдар бою сүргүндө жашаган секулярдык саясатчы, Ирактын Улуттук Келишим Партиясынын жетекчиси,
дини боюнча шии-мусулман Аяд Аллави. Аллавинин кошумча упайы бар,- аны н шиилер эле эмес, секулярдык көз караштагы суннилер да колдошот, дейт Лондондогу экономикалык институттун серепчиси Яхия Саид.

Ирактын суннилеринин партиялары шайлоону бойкоттоого үндөшкөн. Бирок Женевалык аналитик Жулиан Линдли-Френч суннилерге баары бир жаңы өкмөттө азбы-көппү орун бериле турганын, бирок өлкөдө америкалык аскерлерге каршылык көрсөтүүнүн башында турган сунни топторун өкмөткө тартуу-кымбатка тураарын айтат.
Ошону менен бирге эле Френч шайлоо өткөндөн кийин Курдистанда боло турган окуяларга өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

Бул шайлоо өткөндөн кийин күрддөрдүн эмне кылаары өтө кызыктуу нерсе болуп турат. Добуш берүүнү суннилердин кыйла бөлүгү бойкоттогону жатат, күрттөр шайлоо өткөн соң жаңы режим менен кызамтташаар бекен? ,- дейт Френч.

1991- жылы биринчи Парсы согушу аяктагандан бери ирактык күртөр өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болушкан. Азыр чөлкөм Курдистан Демократиялык Партиясы менен Курдистан Патриоттук Кыймылы деген эки саясий топтун биргелешкен башкаруусунда. Эгерде бул партиялар шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болушса алар Ирактын жаңы Конституциясында федералдык түзүлүштүн таасын жана так чагылдырылышын талап кылуусу ажеп эмес. Өлкөнүн туруктуулугу күрт саясатчыларынын позициясынан көз караанды боло турганын белгилеп, серепчи непадам күрттөр кысмакталып жатканын сезишсе, өлкөнүн сунни азчылыгынын таламын талашып чыгуулары ыктымал экенин эскертет.

XS
SM
MD
LG