Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

А.АКАЕВ: КЫРГЫЗСТАНДА «РОЗА ЫҢКЫЛАБЫ» БОЛУШУ МҮМКҮН.


Төрөкул Дооров, Москва. Бул апта Орусияда бир катар маанилүү окуялар болду. Биринчиден, айтылуу Украинадагы «саргылт ыңкылаптын» женүүчүсү Виктор Ющенко алгачкы сапарын Орусиядан баштап, Москвага келип кетти. Экинчиден, Москва мамлекеттик университетинин 250-жылдыгынан пайдаланып, Кыргызстандын президенти Аскар Акаев да Москвада орус кесиптеши Владимир Путин менен жолугушту.

«Алдыда Кыргызстанда болчу парламенттик шайлоо – сүйлөшүүлөрдөгү негизги темага айланды. Кыргыз президенти орус тараптын колдоосуна ээ болоорун угуп, көңүлү жай, үйүнө кайтып кетти» деп жазышты орусиялык басылмалар.

Апта ичи Кыргызстан турмушуна тиешелүү макалалар «Независимая газетада» тынбай жарыяланып турду. Баштап, «Аскар Акаев алгачкы жолу уулу Айдар Акаевди орус саясий элитасы менен тааныштырганы», кийинчерээк «Украинада болгон окуялар Кыргызстанда кайталанышы мүмкүн» экендигине шилтеме берген эксперттердин ойлорун жазган макалалар топтому жана «Өлкөдө жакын арада социалдык кризис болушу ыктымал» экендиги тууралуу изилдөөлөр басылды.

Ал эми жума күнү «Независимая газета» Аскар Акаев менен маекти басты. Анда Кыргызстандын президенти өлкөдө «роза ыңкылабы» болушу ыктымал экендигин айтат. «Бул өңдүү төңкөрүштөр демократиянын өнүгүшү үчүн пайдубалы бар мамлекеттерде гана болушу мүмкүн» дейт Акаев. Анын оюнда, Кыргызстанда демократия бар, андыктан «түстүү ыңкылап» да болушу ажеп эмес.

Акаевдин ишениминде, Кыргызстанда анын рейтинги өтө жогору. «Мени бүгүн республика калкынын 42% колдойт, ал эми оппозициянын лидерлерин, мисалы, Курманбек Бакиевди 6%, ал эми Адахан Мадумаровду калктын болгону 3% бөлүгү гана колдойт» дейт Акаев. Анын айтымында, бул, болгондо да, оппозиция өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгы.

Кыргызстандын президентинин пикиринде, «жибек ыңкылабын» Кыргызстанга көчүрүүнү максат кылгандар Борбордук Азияда өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар экендигин, бул өңдүү аракеттер өлкөдө атуулдук көтөрүлүштү жаратышы да мүмкүн экендигин» билишпейт. «Бизде Грузиядагыдай же Украинадагыдай төңкөрүштөр болбойт. Анткени ал өлкөлөрдө европалык маданият бар, аларда баары башкача. Биз болсо - көчмөн элбиз. Көчмөндөр бул өңдүү радикалдык идеяларга оңой менен «азгырыла» беришпейт» дейт президент Акаев.

Орусиялык гезитке берген маегинде Акаев «Кыргызстан алдыдагы шайлоолор учурунда, албетте, Орусиядан моралдык жардам күтөөрүн, Кыргызстан Орусияны өзүнүн башкы стратегиялык кызматташы» деп тааный турганын, анткени «Орусияны Кыргызстанга Кудай Таала өзү бергендигин» белгилеп өттү.

«Известия» гезити шейшембидеги санында Аскар Акаевдин Москва мамлекеттик университетинин 250-жылдык мааракесине арналган илимий конференцияда сүйлөгөн сөзүнө кайрылат. Анда Кыргызстандын президенти «Илимде ал өзүн-өзү башкаруу теориясын жактыраарын» айткан.

«Бул теорияга ылайык, коом өзүнүн жеке саясий кызыкчылыктары бар тараптардын баш аламан аракеттери аркылуу түзүлөт. Эгерде ал капыл-тапыл аракеттерди жалпы бир чечимге, калыпка салуучу механизм болбосо, алар зыян алып келиши мүмкүн» дейт Акаев.

«Көптөр кыргыз президенти жалаң илимий теория тууралуу сүйлөп жатса керек деп ойлогондур, бирок ал накта практика тууралуу айтты» деп жазат андан ары «Известия». «Сөз Кыргызстанда 27-февралда боло турган парламенттик шайлоо тууралуу болду. Акаев ошол аракеттерди жалпы чечимге салуучу механизмдин ролун аткаргысы келет окшойт» деген оюн билдирет гезиттин кабарчысы Наталья Голубева. Бирок анын айтымында, ырасмий Москва Кыргызстандагы «жаман аракеттерди» «жалпы калыпка» салууда Акаевди кандай формада колдой тургандыгын билбей турган чагы.

А.Акаев Москвада орус президенти В.Путин менен жолуккандыгы тууралуу бир катар гезиттер жазышты. Алардын ичинде «Эксперт» журналында Украинадагы жана Грузиядагы окуялар эми Кыргызстанда орун алышына себептер улам көбөйгөнү айтылса, «Коммерсант» басылмасы бул темага арналган макаласын «Оппозиция Акаевди Москвага кууп жиберди» деп атады.

Ал күндөрү Путин Украинанын жаңы президенти Виктор Ющенко менен да жолуккан. Андыктан гезит эки жолугушуу тууралуу «Путин «роза ыңкылабынын» жеңүүчүсүн жана болочоктогу курмандыгын кабыл алды» деп жазды.
XS
SM
MD
LG