Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

ММК: ШАЙЛООГО ДАЯРБЫ?


Айданбек Ташкенбаев, Бишкек. 29-январда АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү жана Регионалдык иликтөө институту “ Маалымат каражаттары жана шайлоо” деген темада форум өткөрдү. Анда парламенттик жана президенттик шайлоо алдындагы маалымат каражаттарынын абалы, маселелери жөнүндө талкуу болду.

Форумга расмий бийлик өкүлдөрү, оппозициялык саясатчылар жана маалымат каражаттарынан журналисттер катышты. Бир нече темада доклад окулуп, алардын жыйынтыгы боюнча талкуу жүрдү. Алгачкы сөз алган Борборшайлоокомдун басма сөз кызматынын жетекчиси Нина Мухина шайлоо өнөктүгүн массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу маселесине токтолуп, журналисттер өлкөнүн мыйзамдарын биле бербейт деп кине койду. Мына ушунун айынан айрым маалымат каражаттары 2-февралдан тарта үгүт иштерине катышууга, демек анча-мынча акча иштеп табуудан кур жалак калууда, деп белгиледи Нина Мухина.
Борборшайлоокомдун басма сөз катчысынын сөзүн талкууда “Менин өлкөм” партиясынын лидерлеринин бири Галина Куликова Нина Мухинага мындай суроо менен кайрылды:

Эмне үчүн кодекс бузулууда? Үгүт иштери башталганга чейин эле “Вечерний Бишкек” гезити Бермет Акаеваны тынымсыз мактап, анын пайдасына үгүт иштерин жүргүзүүдө. Кээ бир талапкерлер Бишкектин көчөлөрүнө сүрөттөрүн даңкайтып илип алышкан. Эмне үчүн Борборшайлооком чара көрбөйт?.

Бирок Нина Мухина андай мыйзам бузууга оппозициялык да, өкмөттүк да маалымат каражаттары барып жатканын айтып, так жооп бере алган жок.

“Интерньюс-Кыргызстан” уюмунун сунушу менен шайлоо алдындагы маселелерди, атуулдардын шайлоого карата пикирин “Эксперт” аттуу консалтингдик агенттик иликтептир. Алардын өкүлдөрү өз иликтөөсү тууралуу маалымат берди. Агенттик Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларында сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 111 адам тартылган. Сурамжылоодо шайлоочулар талапкердин жеке инсандык сапатын биринчи орунга, ал эми программасын акыркы орунга коюшары айкын болгон. Шайлоого барбоонун себеби катары атуулдар талапкерлерге, шайлоо системасына ишенбөөчүлүктү аташкан.

Көз карандысыз журналист Александр Кулинский өз сөзүндө шайлоо алдындагы маалымат каражаттарынын кризиске кабылышына токтолду:

Кыргыз журналисттикасы катаал кризиске кирип баратат. Бул кризис 1999-жылы “Вечерний Бишкекти” тартып алуудан башталган. Бул иштин баары 2000-жылкы шайлоолордун алдында жасалган. Ал кезде “Пирамиданы” да кысымга алышкан. Бирок Акаев кайра шайлангандан кийин эркиндиктин желаргысы кайрадан жүрүп, бираз боштондук боло түшкөн. Эми мына 2005-шайлоонун алдында кризис кайрадан чыгып, бийлик каалаганын кыла баштады. Бирок бул ирет бийлик одоно түрдө тартып алуу эмес, айла-амал менен иш жүргүзүүдө.Биздин журналисттика моралдык да кризиске дуушар болууда.

Анын айтымында, ушундай амал менен “Пирамида” мойсолду. Ал эми оппозиция көз карандысыз маалымат каражаттарын коргоп калууга жөндөмсүз, дараметсиз бойдон калды.
Дагы бир көз карандысыз журналист Толкун Наматбаева шайлоо алдындагы маалымат каражаттарынын абалына токтолду:

Шайлоо массалык маалымат каражаттары аркылуу жеңип алынат.Кимдин колунда микрофон болсо ал жеңишке жетишет.Бизде бийликте гана жалпы өлкөгө маалымат тараткан телекөрсөтүү бар. Ал кимдин кызыкчылыгы үчүн иштери белгилүү. Оппозиция болсо канча акчага болбосун телеканалга ээ боло албайт. Анткени, ага бийлик жол бербейт.

Өлкөдө бир нече гана көз карандысыз гезиттер бар. Алардын келечеги кандай болоору белгисиз. Маселен, “МСН” гезитин антимонополдук комитет сотко берип, миллиондогон сомдук доомат коюуда. Ошондуктан бир нече көз карандысыз гезиттердин маалымат жаатында теңдикти камсыз кылуусу кыйын, деп белгиледи

XS
SM
MD
LG