Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Кадамжай сурьма комбинаты сатыкка түшөт


БИШКЕК.Ушул жылдын 18-февралында Кадамжайдагы сурьма комбинатынын мамлекетке тиешелүү 70 проценттик акциясын сатуу боюнча инвестициялык тендер жарыяланды. Ага ылайык комбинаттын акциясынын алгачкы баасы 85 жарым миллион сом же 2 миллион доллар деп бааланууда. Тендердин башкы талабы комбинаттын иштөөсү үчүн өндүрүшкө салына турган инвестициянын көлөмү менен мөөнөтү так көрсөтүлүп, комбинатты өнүктүрүү жолдору да так болуш керек. Андан тышкары акцияны алган тарап комбинаттын буга чейинки карыздарын жоюп, экологиялык милдеттенмелерди так аткаруусу зарыл. Анткени, азыр 1100 адам иштеген комбинаттын кредиттик карызы 261 миң сомдон, дебитордук карызы 185 миң сомдон ашык. Өткөн жылы 39 миң сомдук киреше алып, 20 миң сомдук чыгымга түшкөн.

XS
SM
MD
LG