Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Бишкекте пикет уланды


БИШКЕК.29-январда экс-элчилердин парламенттик шайлоого катышуусун талап кылган пикетчилер акциясын улантышты. Бул күнү Жогорку Кеңештин имаратынын маңдайына экс-элчилер Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун укугун коргоо комитетинин 30дай мүчөсү эртең мененки саат тогуздан түшкү бирге чейин турушту. Алар мурдагыдай эле экс-элчилерди шайлоого катыштыруу жана алардын талапкер болуп катталышына негиз берген мыйзамга президенттин тезинен кол коюу талабы жазылган плакаттарды кармап турушту. Ал эми Жогорку Сот экс-элчи Мамбетжунус Абыловдун Каракөл шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу арызын 31-январда караган жатат. Жогорку Сот Роза Отунбаеванын мындай арызын өткөн жумада канааттандырган эмес. Конституциялык Сот экс-элчи Медеткан Шеримкуловдун депутаттыкка талапкер болуу укугун коргоо боюнча берген арызын качан караары белгисиз.

XS
SM
MD
LG