Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

31-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат .


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 31-январда Кыргызстандын айрым аймактарында кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, батыш тараптан муздак жел жүрүп турат.

Абанын температурасы:
ТАЛАС, ЧҮЙ өрөөндөрүндө түнкүсүн -17...-22 градуска, күндүз -2ден...-7 градуска чейин суук.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ облустарында түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн -9 градустан –14 градуска ал эми күндүз
-1ден...-6 градуска чейин суук болот.
НАРЫН аймагында түнкүсүн -17...-22, күндүз -5...-10 градус суук.
БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн
-12...-14, күндүз -3...-5 градус суук.
Кабарлар топтомун даярдаган Азиза Турдуева жана областтык кабарчылар.

XS
SM
MD
LG