Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Айрым саясий партиялар Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу демилгелерине каршы


КАРАКОЛ. Кыргызстандын бир катар саясий партияларынын Ыссыккөл облусундагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери 29-январдагы облус активдери менен жолугушуусунда Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн 2010-жылга чейин узартуу демилгесин көтөргөндөргө карата билдирүү таратышты.
Билдирүү ээлеринин бири «Асаба улуттук кайра жаралуу» саясий партиясынын облустагы бөлүмүнүн лидери Канымет Жакыпбектегиндин айтымында, буга чейин эле Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн 2010-жылга чейин узартуу боюнча тымызын кол топтолуп жаткан. Жалпыга ачык маалымдалбаган бул факты 29-январда Чолпоната шаарындагы «Кыргыз деңиз» эс алуу үйүндө өткөн облустун активинде ачык жарыялагандыгы эл арасында кайчы пикирлерди жаратты. Билдирүү ээлери белгилегендей, өткөн президенттик шайлоодо «ашуудан ат алмашылбайт» дегендер эми «оозуп бараткан күлүк аттын алдына өтүүгө болбойт» деген пикирлерин тааңуулай башташты. «Көтөрүлгөн бул демилгеге биз кайчы пикирибизди билдиребиз, кошматчылыктын да чеги бар дейт», - Канымет Жакыпбектегин.

XS
SM
MD
LG