Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Нааразылык акциясы токтотулду


БИШКЕК. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого катыштыруу талабы менен 7-январдан бери Бишкекте улантылган нааразылык акциясы токтотулду. Бул тууралуу Роза Отунбаева жана Мамбетжунус Абыловду коргоо комитет мүчөлөрү 31-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Мындай кадамга барып жатышкандыгын алар 2-февралдан баштап башка оппозициячыл маанайдагы талапкерлерди колдоп Кыргызстандын жер-жерлерине барып үгүт иштерин жүргүзүшө тургандыгы менен байланыштырып түшүндүрүштү. Маалымат жыйынына катышкан Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абылов элчилерди шайлоого катыштырбоо аракетинин артында мамлекет башчы Аскар Акаев тургандыктан, соңку бир нече күндөн бери алардын райондук, шаардык, Жогорку сотторго кайрылуусунан эч кандай пайда чыкпагандыгын айтышты. Ошондой эле алар жакын арада Конституциялык сотко арыз жолдой тургандыгын маалымдашты. Ал эми аткаруу бийлик өкүлдөрү элчилер Шайлоо кодексине ылайык парламенттик шайлоого катыштырылбай жататкандыгын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG