Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

ЭЛЕТТИК КОМПОЗИТОР ТИМУР САЛАМАТОВ МЕНЕН ЭКИ МҮНӨТ


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек. Чыгармачыл адамдар эмнегедир борборду көздөй тартылат эмеспи, а сиз тескерсинче элетти көздөй кетип калдыңыз, элеттеги азыркы турмуш кандай? Адегенде ушундан баштасаныз.

-- Эми жалаң эле борбор эмес элет жерине да керекпиз да, себеби ал жерде да музыкалык окуу жайы бар. Ошол элет жериндеги балдар да бүгүнкү күндөгү жашоодо жок дегенде бир нерсеге үйрөнүп калсын деген аракеттебиз, биз болсо көп жерди,көп элди көрдүк,өнөрчүлүктүн бир топ нерсесин үйрөндүк дегендей.

--Сиз азыр Караколдогу музыкалык окуу жайдын деректирисиз, балдар
канча жыл окуйт?
-Ал өзу төрт жылдык окуу жайы. Ал жерде Ысык-Көл менен Нарындын балдары билим алышат.
-Окуу жайдын материалдык ал-абалы кандай?
-Абал анча деле жаман эмес. Эми Совет доорунда калыптанып калган окуу жайы да,музыкалык аспаптар ошол доордон бери сакталып калгандар, имарат да ошондо берилген.
- Кандай адистиктеги класстар иштейт?
-Комузун,кыягын,чоорун, ошол эле убакта фортепианону үйрөтөбүз,баянды, аккордеонду,ырчылыкты үйрөтөбүз.Акыркы эки-үч жылдан бери балдар буга кайра көнүл коюп, көркөм өнөргө тартыла баштады.
-Стипендия ,жатакана маселеси кандай?
-Накта казыналык окуу жайы,облустун казына каражатынын эсебинде турабыз.Анча-мынча жатаканабыз бар.
-Азыркы күндө бала бакчаларында ыр үйрөтүү абалы абыдан эле татаалдашып кеткенин байкадык,менин айтайын дегеним, ал мекемелерде балдар ыры деген нерсе накта проблемага айланыптыр. Анткени акыркы кездери балдарга ыр жазуу деген токтоп
калган экен. Буга композитор катары сиздин оюнуз?
-Туура айтып атасыз. Анын үстүнө азыркы кезде жалпы эле элибиздин музыкага болгон табити бузулду, кайсы бир деңгээлде бул да терс таасирин тийгизбей койгон жок.Кийинки кездери же сөзүнүн мааниси жок,же музыкасы жакшы эмес, чыныгы жан дүйнөгө
топ келбеген, жеңил-желпи,көркөм табитке эмес көчө табитине ылайыкташкан музыка сөрөйлөр каптап кетти.Балким жашообуз ошондой болуп аткандан кийин музыкалык маданият да ошол башаламандыкка баш ийип кеттиби деп ойлоп кетем. Бул өзгөчө колго ала турган чон маселеге айланды. Баягы Турар Кожомбердиевдин,Жолон Мамытовдун сөзүнүн күчүндөй тексти азыр табалбай Анын үстүнө балдардын психологиялык өзгөчөлүгүнө ылайык жазган балдар акындары да байкалбайт.

-Азыр балдар ырларын жалгыз эле “Ак шоола” балдар ансамблинин жетекчиси Гулмира ЭСЕНГУЛОВА жазып калды деген пикирлер арбын.
-Бул төгүн сөз эмес.Гулмира балдар менен аралашып жүргөндүктөн ушундай ырларды жазып жатат,биз композиторлор муну моюнга алышыбыз керек. Бул жагынан биздин союздун чыгармачыл аракети такыр эле байкалбай кетти.
-Сиздердин окуу жайда кандай эми,ушул жагы?
-Биз эми колубуздан келгенин жазап жатабыз. Көл азыр туризмдин кичи мекени болуп атпайбы.Мен азыр Караколдо нукура элдик музыкалык топ түзгөмүн.Көлдө кандай маанилүү чоң,кичине окуя болбосун биз барып концерт беребиз.Израилден,Америкадан, Жапониядан,Швейцариядан,Канададан келген туристтерге өнөрүбүздү тартууладык.
-Тимур мырза сиз тузгон “АЗЕМ” тобу чет өлкөлөргө гастролдоп чыга элекпи?
-Азырынча чыга элекпиз.
-Маегиңизге чон ырхмат. Ишиниздерге ийгилик каалайбыз.

Шайлообек ДУЙШЕЕВ, “АЗАТТЫК”.
XS
SM
MD
LG