Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Ирак шайлоосун колдоп, жардам убада кылышты


Министрлер Ирак калкынын коогалуу мезгилде шайлоого катышканынa жогору баа беришти. ЕвроБиримдиктин тышкы иштерин тейлеген Хавиер Солана: - Биз Ирак элинин көпчүлүгүнүн тайманбас чечкиндүүлүгүнө кубанып жатабыз. Европа шериктештиги сотторду, полициячыларды машыктырууга даяр. Өкмөт түзүлгөндө биз кандай констурктивдүү жaрдам көрсөтө алаарыбызды талкуулайбыз, - деди.

Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Аяд Аллави атуулдарды араздашууларын токтотуп, өлкөнү жарнакташып кайра курууга чакырды. Ирактык шайлоо комиссиясына ылайык, кечээки парламенттик жана жергиликтүү кеңештерди шайлоого тизмеде катталгандардын 60 пайыз чактысы катышты. Бул күнү түрдүү чабуулдарда 40 кишинин өмүрү кыйылды. Бийликтер бул күнү 200 чакты шектүү согушчандын кармалгандыгын билдиришти.


Орусиянын президенти Владимир Путин Ирак шайлоосун "туура багыттагы кадам" деп мүнөздөдү:

- Иракта шайлоо, жумшактап айтканда, абдан эле татаал шартта өттү. Ошого карабастан, бул туура багыттагы жагымдуу окуя болуп калды.

Польша Ирактагы шайлоонун ийгилиги бул өлкөдөн поляк аскерлерин эрте чыгарып кетүүгө жагымдуу шарт түзүп жаткандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG