ГААГА. Югославиянын мурдагы президенти Слобадан Милошевич сасык тумоо менен ооруп калганына байланыштуу анын соту убактылуу токтотулду. Улуттар уюмунун Гаага трибуналында сот ишине төрагалык кылып жаткан Патрик Робинсондун маалыматына караганда доктурлар Милошевичтин ден соолугун текшерип көргөндөн кийин сот ишин качан кайра улантса болоорун айтышат. Мурдагы президенттин үстүнөн сот 3 жылдан бери уланып келатат жана анын саламаттыгынын начарлыгынан улам ал буга чейин да далай ирет үзгүлтүккө учураган. Ошондон улам сот Милошевичтин укугун эки адвокат коргоп берсин деген жыйынтык чыгарган эле, бирок өткөн жылдын ноябрында Милошевич өзүн-өзү гана коргоо укугун сактап калып, адвокаттардын кызматынан баш тарткан. Эгерде дарыгерлер Милошевичтин ден соолугу начарлап калган деген жыйынтык чыгарса сот ага эки адвокат бериши ыктымал.