Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:44

Дарфурда геноцид болбосо дагы, ошого тете кыргын болгон


УЛУТТАР УЮМУ. Бириккен улуттар уюмунун комиссиясы Судандын Дарфур аймагындагы кырдаал боюнча өзүнүн докладын жарыялады. Анда Судандын бийликтери жана аны колдогон куралчандар Дарфур аймагындагы карапайым элди массалык түрдө кырып, зордуктоолорго, кыйноолорго жана талап-тоноолорго жол берген деп айтылат. Комиссия бул кылмыштарды геноцид катары мүнөздөбөсө дагы, күнөөлүүлөрдү тез арада эларалык сот жообуна тартыш керек деген бүтүмүн чыгарды.

Буга чейин Кошмо Штаттары Дарфурда геноцид жүрүп жатат деген пикирин билдирип, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинен Суданга санкция киргизүүнү сурап келген болчу. Комиссиянын докладында Судандын өкмөтү геноцид үчүн түздөн-түз күнөөлүү деп эсептелбесе дагы, айрым чиновниктер ошону көздөп, куралчандарды арап эмес атуулдарга каршы тукуруп турган болушу ыктымал деп айтылган. Дарфур аймагындагы кандуу окуялардан 70 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, 2 миллиондой эл үй-жайларын таштап, башка жактарга ооп кетүүгө аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG