Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

«Жаңы ордо» гезити айыпка жыгылды


БИШКЕК. 31-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Жаңы ордо» эркин гезитине 30 миң сомдук айыппул салды. Буга Ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун «адамдык абийириме жана арнамысыма шек келтирди» деп редакцияга каршы берген доо арызы себеп болду. Ички иштер министри арызында Ош шаарынын тургуну Кенжебүбү Токтомушеванын министрге жаңы жылдык каалоо - тилек катары жазган ырын «Жаңы ордо» гезити жарыялап, адамдык беделине шек келтиргендиги үчүн бир миллион сом айыппул тартуусун жана гезит катта айтылган сын пикирди жокко чыгарган маалыматты жарыялоосун талап кылган. Арыз ээсинин дооматын туура деп тапкан сот 30 миң сомдук айыппул салып, Ички иштер министринин дарегине айтылган сынды жокко чыгарган маалыматты жарыялоого гезитти милдеттендирди. «Жаңы ордо» гезитинин уюштуруучулары буга чейин чыгарган «Кыргыз ордо» гезити 2003-жылкы референдум алдында ушул эле райондук соттун чечими менен жабылган.

XS
SM
MD
LG