Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:16

Оппозициялык гезит дагы соттолот


БИШКЕК. «Вечерний Бишкек» газетасы «МСН» гезитин жана анын кабарчысы Рина Приживойтту сотко берип, өз пайдасына редакциядан 5 миллион сом, ал эми журналисттен 200 миң сом талап кылууда. Мындан сырткары «Вечерний Бишкектин» башкы редактору Ольга Безбородова жеке өзү сотко кайрылып, «МСН» гезитинин редакциясынан өз пайдасына 2 миллион сом, ал эми журналист Рина Приживойттон 100 миң сом өндүрүп берүүнү талап кылууда. «Вечерний Бишкектин» жана анын башкы редакторунун оппозициялык маанайдагы басылманы сотко берүүсүнө «Вечерний Бишкек» гезитин президенттин күйөө баласы көзөмөлдөп турат деген маанидеги макалалардын «МСН» гезитине өткөн жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында жарыяланышы себепкер болгон. Бул тууралуу «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким 1-февралда билдирди. Анын айтымында, «Вечерний Бишкек» гезити өткөн жумада Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал эми сот ишти 16-февралда кароону белгиледи.

XS
SM
MD
LG