Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Непалда өкмөт таратылып, өзөчө абал жарыяланды


Мындай чечим өлкөнүн падышасы тарабынан кабыл алынды. Кабарларга караганда, көптөгөн саясатчылар үй камагына отургузулган.

Башкалаа Катмандунун аэропорту жабылып, тыш дүйнө менен телефон байланышы үзүлдү. Падыша Гианендра алдыдагы үч жылга өкмөттү жетектөөнү өз колуна алып жатканын билдирди. Ал өкмөттү өлкөдө тынчтык орното албаганы үчүн айыптады.

Непалда акыркы тогуз жылдан бери маочул козголоңчулар өкмөт менен куралдуу уруш жүргүзүп келе жатышат.

XS
SM
MD
LG