Михаил Саакашвили бул окуядан соң улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Полициянын имараты алдында болгон жарылуудан үч полиция кызматкери каза таап, 10дон ашуун киши жаракат алган. Грузин президентинин билдирүүсүндө айтылгандай, муну жасагандар Грузиядагы эски чатактарды тынч жол менен чечүү аракеттерин үзгүлтүккө учуратууну көздөшүүдө.
Коргоо министри Ираклий Окурашвилинин пикиринде, жардыруу жакшы пландалган:
-Бул жакшы пландалган терракт экени анык, себеби жарылуу күчтүү болду. Эксперттер жардыруучу заттын түрүн аныктоого аракеттенишүүдө. Мен бул Грузияда тынчтыкты, мыйзамдуулукту жана тартипти, өлкө өнүгүүсүн каалабаган адамдардын колунан келген иш экенин ишенимдүү ырастай алам жана биз ал адамдарды билебиз.
Ал эми тышкы иштер министри Салом Зурабишвили жардыруу Грузиянын сыртынан пландалганын белгилеп, бирок конкретүү бир өлкөнү атаган жок.
Гори шаары Грузиянын жикчил чөлкөмү Түштүк Оссетиядан көп алыс эмес.
Окуя үчүн азырыняча эч ким жоопкер боло элек. Түштүк Оссетия жетекчилиги жардырууга тиешеси жок экенин билдирди.