Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

АСКАР АКАЕВ АКСАКАЛДАР МЕНЕН КЕҢЕШМЕ КУРДУ


2-февралда Кыргызстандагы аксакалдар сот төрагаларынын үчүнчү республикалык кеңешмеси болду. Ага өлкөдөгү 972 аксакалдар сотунун 7 миң мүчөсүнүн 200гө жакын өкүлү катышты. Кеңешмеде сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев өлкөдөгү ынтымак жана стабилдүүлүк аксакалдардын колунда деп билдирди.

Кыргызстанда Аксакалдар соту алгач 1995-жылы президенттин жардыгы менен түзүлүп, атайын мыйзам 2002-жылы кабыл алынган. Ал эми 2003-жылы Конституцияны өзгөртүү маалында жергиликтүү сот катары иштөөсүнө негиз берген атайын берене киргизилген. Ал эми сот төрагаларынын үчүнчү республикалык кеңешмесинде жалпы юрисдикциядагы сотторго атаандаш катары аксакалдар сотунун укук, милдеттерин кеңейтип, өзгөчө статус берүү маселеси талкууланды. Ал тууралуу президент Аскар Акаев кеңешмеде мындай деди:

- Кыргызстандын Конституциясына жана мыйзамга ылайык Аксакалдар сотторунун райондук, облустук кеңештерин уюштуруу менен ушул жарым жылдын ичинде Аксакалдар сотторунун бирдиктүү республикалык кеңешин түзүүнү чечтик.

Президенттин айтымында, аны жергиликтүү жамааттар конгрессине баш ийдирүү жана материалдык-техинкалык базасын жакшыртып, каражат менен жабдып, Ички иштер министрлигинин участкалык милиционери менен эриш-аркак иш алып баруусу зарыл. Ушундан улам кеңешме Аксакалдар сотунун республикалык кеңешмесин түзүү жана аны уюштуруу курултайын жайында өткөрүү чечимин кабыл алды.

Ал эми коомдогу ынтымак, тынчтык жана тартип аксакалдар сотунун колунда деген президент Аскар Акаев саясий окуяларга бай быйылкы жылы бийликке умтулган саясий күчтөр өз максаттарына жетүү үчүн парламенттик шайлоону пайдаланган жатат деп билдирди. “Бийликке жетүүнү көксөгөн күчтөрдү элдин тынчтыгы менен бейкуттугу кызыктырбайт” деп баса белгилеген президент кыйын кырдаал түзүүгө аракет кылган оппозицияга каршы туруп, алардын чакырыгына азгырылбай, коомдо ынтымакты сактоо аксакалдар сотунун башкы милдети деп белгиледи:

- Курулай саясатка чуу көтөргөнгө, мыйзамдарды көзүнө илбей, тебелеп-тепсеп, кээ бир мамлекеттерде болгон опурталдуу саясий оюндарды Кыргызстанга импорттогонго жана туруктуу өнүгүүбүздү артка кайтарууга аракет жасагандарга эч кандай жол бербешибиз керек деп эсептейм, урматтуу аксакалдар.

Президенттин мындай чакырыгын жарыш сөзгө чыккан аксакалдардын баары колдошту. Алардын бири Жетиөгүз районундагы Дархан айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Абылай Сатылканов мындай деди:

- Элге түшүндүрүүчү азыркы замандын агитаторлору биз, аксакалдарбыз. Ошол элге туура жеткирип, эл арасында өйдө-ылдый сөздөрдү токтотсок элдин ичинде ынтымак болот.Ынтымак бар жерге ырыскы өзүнөн өзү келет.

Ысыккөл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов атындагы айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы Амантур Тентиев аксакалдар соту президенттин чакырыгын аткарууга күчү жетет деген ишенимде:

- Акскалдар соту айылда элди ынтымакка чакырган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын тутумундагы бир бөлүк болуп жаткандан кийин ошол айылдагы элди ынтымакка чакырууга күчү жетет.

Ал эми Ош облусунун Ноокен районундагы Бел-Кайрагач айылындагы аксакалдар сотунун мүчөсү Гүлмамат Мамазаиров аксакалдар соту коомдогу карама-каршылыкты болтурбай коюуга таасир бере албайт деген ойдо:

- Бир эле факт. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүдө дипломаттар талапкер болууга укук алышкан жок. Ушуну менен бийлик өзүнө өзү душман таап алды. Муну менен өзүнө өзү элди тескери буруп алды. Эгер мындай кадамга барбаганда нааразылык болбойт эле. Эгерде ушул беш адамга уруксаат берип койгондо мынчалык нааразылык чыкпайт эле. Эми алардын туугандары, жакшы көргөндөрү бар да! Алар 20-30 жылдап эл менен иштеп келгенден кийин алардын жактоочулары да, колдоочулары да бар. Ошон үчүн алар нааразы болуп чыгып жатышат да!

Кеңешмеде Аксакалдар сотунун укук жана милдеттерин кеңейтүү үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү милдети коюлду.

XS
SM
MD
LG