Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Нарын ардагерлери Аскар Акаевди кызматтан кетирүү үчүн кол топтой башташты


НАРЫН. 3-февралда Нарын шаарынын 70тен ашык жашоочусу «президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылын колдоп, кол топтоону баштаганын билдиришти. Андан сырткары нарындык ардагерлер бийлик оппозиция, ишкерлер же байлар деп бөлбөй, талапкерлерге бирдей мамиле жасалсын, үгүт-насыят иштерине бирдей шарттар түзүлсүн, көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын, анын ичинде «МСН» гезитин сотко берүү сыяктуу шайлоо алдындагы куугунтук токтотулсун деген мазмундагы кайрылуу кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG