Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

«Кыргызстан элдик кыймылы» каттоодон өтө элек


БИШКЕК. «Кыргызстан элдик кыймылы» аттуу шайлоо блогунун документтери кайрадан толукталып, Борбордук шайлоо комиссиясына сунушталат. Бул тууралуу 3-февралда блокко кирген КДК партиясынын жетекчилеринин бири Виктор Черноморец билдирди. Аталган блокту каттоо маселесин Борборшайлооком 1-февралда өткөн отурумунун күн тартибине киргизип, бирок, документтери жетишсиз деген тыянак менен маселени кароону убактылуу токтоткон. «Кыргызстан элдик кыймылы» блогуна биригүүгө «Асаба», «Эркин Кыргызстан», «Эркиндик», «Жаңы Кыргызстан», Коммунисттердин эки партиясы макулдук беришкен. Эгер блок Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан өтсө, партиялар үгүт өнөктүгүндө биргелешип иш алып баруу укугуна ээ болот. Блокко кирген партиялар парламентке ат салышып аткан 23 талапкерди колдоорун кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG