ОШ. «Хизб-ут Тахрир» уюмунун мүчөлөрү конституциялык түзүлүштү бузууга чакырган баракчаларды таркатуу учурунда кармалды жана саясий өнөктүктөр алдындагы алардын мындай аракеттери кылдат иликтөөгө алынып жатат. Мындай деп Ош шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков билдирди. Оперативдүү иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Хизб-ут Тахрир» уюмунун мучөлөрүнүн диний адабияттары жана баракчалары сакталган үй да табылган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Дилмурат Райымбердиев билдиргенге караганда, кармалган адамдардын туугандары алардын тез арада бошотулушун талап кылышууда, кылдат иликтөө иштери аягына чыкмайынча хизбутчулардын 21 талапкери бошотулбайт.