Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

Кочкор шайлоо округунда мыйзам бузуулар катталды


НАРЫН. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын облустук бөлүмү өткөргөн жыйынга жер-жерлерден келген байкоочулар айрым участкалык шайлоо комиссиялары жайгашкан имараттардагы шарттардын начардыгын, тизмелер тактала электигин, кээ бир участкалар жабык бойдон тургандыгын, шайлоону өткөрүү графиги сакталбай жаткандыгын белгилешти.

Коалициянын Нарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлжамал Султаналиева Нарын жана Кочкор округдарынан үгүттөө иштери 2-февралга чейин эле башталып жана шайлоочуларды сатып алууга аракеттер ачыкка чыккандыгын билдирди. №35 Кочкор шайлоо округунан катталган талапкер Курманбек Байтереков 27-январда Комсомол айылында шайлоочуларга жолугушуп, 60 пайыздан ашык добуш берсеңер 240 миң сом жана он тонна туз берем дегендигин, ушул эле округдагы талапкер Турдакун Усубалиев Көбөгөнсай чөлкөмүндө жашаган тургундарга бир куту чай, экиден куту кир жуучу айна тараттыргандыгын, 25-27-январда талапкер Акылбек Жапаров Жумгал районундагы Кызарт, Жумгал, Доскулу айылдарына барып, элге арак таратканын байкоочу Жумабек Болотбеков коалициянын дубандагы өкүлчүлүгүнө кат жүзүндө маалымдаган.

XS
SM
MD
LG