Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Кондолиза Райс орус демократиясынын солгундашына нааразы


ВАРШАВА. АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс “эгерде Россия Батыш менен алакаларын өркүндөткүсү келсе, демократиянын солгундоосун токтотушу керек” деп билдирди. Райс бул билдирүүсүн Польшанын баш калаасында өткөргөн пресс -конференцияда жасады. Варшава - Европа менен Жакынкы чыгышка сапарга чыккан Кондолиза Райстын үчүнчү аялдамасы. Бүгүн Райс Анкарага барып, ал жерден Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшөт. Польшанын тышкы иштер министри Адам Ротфельд менен өткөн сүйлөшүүдө Дүйнөдөгү демократиялык процестерди талкуулады.
Министр экөөбүз демократиянын дүйнөлүк жүрүшүн талкууладык. Грузиядагы “роза”, Украинадагы “саргылжын” революциялар, ооган элинин добуш берүүсү жана Иракта өткөн жекшембиде өткөн шайлоо талкуубузда камтылды,- деди Райс.
Түркиянын баш калаасына жол тартаар алдында Райс Польшанын өкмөт башчысы Марек Белка менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG