Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Тил мыйзамын аткаруу боюнча токтом кабыл алынды


ЖАЛАЛАБАД. Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда, облустагы бардык мекеме, уюмдар, окуу жайлар, менчиктин түрүнө карабастан 1-марттан тартып иш кагаздарын кыргыз тилинде гана жүргүзүүгө тийиш. Токтомдо жергиликтүү бийликтердеги компьютерлерге кыргыз ариптери орнотулуп, башка улуттун өкүлдөрү басымдуулук кылган мекемелерде котормочулук кызматтарын ачуу, билим берүү тармактарында иш кагаздары менен жыйын, кеңешмелерди мамлекеттик жана ошол элдин тилинде жүргүзүү жагы каралган. Тиешелүү мекемелерде, балдар бакчаларында, кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүү боюнча атайын курстарды ачып, башка улуттун кызыгуусун жаратуу үчүн окуу жайлар менен мектептерде мамлекеттик тилдеги мелдеш, сынактарды уюштуруу маселеси көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG