Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Грузин эли өкмөт башчысын акыркы сапарга узатты


Премьер Зураб Жвания бейшембиде газдын исине ууланып, каза тапкан.
Тбилисидеги борбордук чиркөөдө өткөн диний жөрөлгөгө бир катар чет өлкөлүк өкүлдөр, анын ичинде америкалык сенатор Ричард Лугар, Россиянын унаа министри Игорь Левитин, Дүйнөлүк банктын төрагасы Жэймс Вулфенсон катышышты.
Президент Михаил Саакашвили ишемби жана жекшембини аза күтүү күндөрү деп жарыялады.
Жаңы кабинет куралмайынча, өкмөт башчынын кызматын Саакашвили өзү аткарып турмакчы.

XS
SM
MD
LG