Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Кыргыз-өзбек консулдары кеңешти


БИШКЕК. Андижан жана Ош шаарларында Кыргызстан менен Өзбекстандын консулдук бөлүмдөрү ачылышы күтүлүүдө. Бул маселени тараптар 27-28-январда Ташкенде өткөн эки министрликтин консулдук маселелелер боюнча кеңешмесинде талкуулашкан. Кеңешмеде талкуу 2000-жылдын 2-июлунда кабыл алынган «Атуулдардын өз ара катташуусу» тууралуу макулдашуунун чегинде жүрдү. Бул макулдашууда эки өлкөнүн коңшу турган райондорунун эли үчүн визасыз беш күн катташууга уруксат берилген. Ташкендеги соңку жолугушууда эки министрликтин өкүлдөрү визасыз карым-катыштын алкагын кеңейтүү маселесин да талкуулашты. Ушул эле жолугушууда мыйзамсыз миграцияга, жарандыктан чыгуунун жолдорун жеңилдетүүгө байланышкан маселелер да каралды. Бул тууралуу 7-февралда Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат жетекчисинин милдетин аткаруучу Эрик Абсатаров билдирди.

XS
SM
MD
LG