Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Бүгүн Жакынкы Чыгыш тынчтыкка кадам таштайт


Израилдин премьер-министри Ариель Шарон жана Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас ырасмий түрдө ок атуулар токтотулганын жана тынчтык сүйлөшүүлөрү кайра улантылаарын бүгүн Мисирде болчу саммитте жарыялайт деп күтүлүүдө.
Кызыл деңиз боюндагы Шарм аш-Шейх курортундагы кездешүү акыркы төрт жылдагы израилдик-палестиналык бийик деңгээлдеги биринчи саммит болмокчу.

Жөөттөрдүн “Haaretz” гезити дүйшөмбү күнкү сүйлүшүүдө эки тарап ок атууларды токтотолу деп макулдашканын кабарлады.

Израил премьеринин улук кеңешчиси Раннан Гисин эки жак чогуу жасачу билдирүү тууралуу:

– Бул ок атууну токтотуу боюнча эки жактуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы болот айттаар элем. Башкача айтканда, палестин тарап зобундарды же террорчулукту токтотуу жөнүндө жарыя кылат. Бул иш жүзүндө интифада бүттү дегенди түшүндүрөт. Израил өз кезегинде ар кандай аскерий акцияга барбайт. Ошону менен тынчтык үчүн шарт түзөт.

Палестиндердин исламчыл ХАМАС кыймылынын өкүлү Махмуд Захардын билдиришинче, уюм чабуулдарды токтоткондон мурда Аббас-Шарон ортосундагы саммиттин жыйынтыгын кылдат анализдеп көрөт.

Саммит алдында Аббас жана Шарон менен жолугушкан Мамкатчы Кондолиза Райс эки лидер жазында АКШга президент Буштун чакыруусу менен келип кетүүгө макулдук беришкенин билдирген.

АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондо жасаган билдирүүсүндө, израилдик-палестиналык кызматташуудагы оң жылыштарга оң баасын берди:

- (Палестин президенти) Махмуд Аббастын террорчулукка каршы чечкиндүүлүгү мени кубандырды. Мага анын коомчулукка жасаган кайрылуусу катуу таасир этти. Мени Израилдин палестиналыктарга шайлоодо жардам бергени да сүйүндүрдү.

XS
SM
MD
LG