Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

С.Дубанаев: «Чек ара кызматы мамлекеттин ички ишине кийлигишпейт»


БИШКЕК. Кыргызстандын Чек ара кызматы 5-февралда Жеңиш аянтынын жанында өткөн машыгууга чек ара кызматынын жоокерлери жиберилген эмес жана алар аянттын жанында өткөн митингдин катышуучуларынын жолун тосууга катышкан жок. Бул тууралуу Чек ара кызмат төрагасынын орун басары Садырбек Дубанаев «Азаттык» радиосуна кат жөнөткөн. Анда Чек ара кызматынын жоокерлери мамлекеттин ичиндеги иштерге кийлигишпеси жазылган . Чек ара кызматынын мындай билдирүү таратуусуна 5-февралда Жеңиш аянтындагы машыгууга Чек ара кызматынын жоокерлери да катышты деген маалымат түрткү болгон. Ал кабарда 5-февраль күнкү машыгуу жүргүзүп жаткан жоокерлер Чек ара кызматына таандык деп билдирген аты белгисиз аскер кызматкери жалган маалымат бергендиги баса белгиленген.

XS
SM
MD
LG