Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Кондолиза Райс Европа өлкөлөрүн кызматташууну жакшыртууга үндөдү


АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс Европа өлкөлөрүн Ирак согушуна байланыштуу нааразычылыкты коюп, кызматташуунун жаңы этабын баштоого чакырды:

-Кошмо Штаттары Европада биримдиктин жакшырып баратканын колдойт. Америка коопсуз жана жакшыраак дүйнөнү курууда Европа күчтүү өнөктөш болсо, анын ныпасын көрөт. Андыктан, келгиле, идеяларыбызды, тажрыйбабызды жана ресурстарыбызды ортого салып, аларды демократиялык өзгөрүүлөр үчүн кантип жигердүү пайдаланса болорун талкуулайлы.

Райс айым Парижде Франциянын жетекчилери менен болгон кездешүүдө сүйлөгөн сөзүндө Араб дүйнөсү эркиндиктин жоктугун жана экономикалык дымыгууну баштан кечирүүдө деп, аларды өзгөрүүгө чакырды:

-Жакынкы Чыгыштын 22 өлкөсүнүн ички дүң продукциясы Испаниянын ИДПсына жетпейт. Бул цивилизациянын очогуна кирген маданияттына, араб маданиятына жат көрүнүш. Эмне үчүн? Эркиндиктин тартыштыгы, эркиндиктин жоктугу дүйнөнүн бул бөлүгүнө өтө чоң зыян кылууда.

XS
SM
MD
LG