Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Конституциялык сот Р. Отунбаева депутаттыкка ат салыша албайт деп тапты


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер боюнча мурдагы министри, экс-элчиси Роза Отунбаева өлкөнүн мыйзамдарына ылайык парламенттик шайлоого талапкер катары катыша албайт. Конституциялык сот мындай чечимин чыгаргандыгы жөнүндө 9-февралда «Азаттыкка» Роза Отунбаеванын адвокаты Нурлан Садыков билдирди. Буга чейин Роза Отунбаева Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун экс-элчи депутаттыкка талапкер болуп катышууга укугу жок деген чечимине карата аппеляциялык арызы менен Бишкек шаардык жана Жогорку сотко кайрылган. Бирок, аталган сот инстанциялары анын арызын канааттандырган эмес. 6-январда Бишкек шаарынын №1 Университет Шайлоо округдук комиссиясы экс-элчи Роза Отунбаеванын шайлоого талапкер катары катышуу жөнүндөгү арызын канааттандырган жок. Роза Отунбаева өзүнүн конституциялык укуктарын коргоп, эл аралык укук коргоо уюмдарына да кайрылмакчы.

XS
SM
MD
LG