Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Орусиянын курал экспорту былтыр рекорддук дэңгээлге жетти


МОСКВА. Курал сатуу менен арпалышкан "Рособоронэкспорт" деген фирманын билдиргенине караганда, Орусияда 2004-жылы курал жана аскердик жабдууларды сатуунун көлөмү рекорддук дэңгээлге жетти. "Рособоронэкспорттун" башкы директору Сергей Чемезовдун айтымында, былтыр фирма жалпы баасы 5 миллиард 120 миллион долларлык каруу-жарактарды сатты. Чемезов ошондой эле Москва менен Вашингтондун ортосунда учактарды атып түшүрүүчү ракеталардын чакан түрлөрүн сатууну көзөмөлгө ала туган келишим даярдалып жатканын, бирок ал келишим АКШнын атайын тизмесине кирбеген мамлекеттерге башка куралдардын түрлөрүн сатууга чектөө койбой турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG