Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Казак парламенти экстремисттик топтордун ишин чектеди


АСТАНА. Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы Мажлис диний экстремисттик топтордун ишмердүүлүгүнө чектөө койо турган мыйзамды кабыл алды. Мыйзам саясий экстремисттик коркунуч жараткан булактардын катарында саясий партиялар менен массалык маалымат каражаттарын да атап, бийликтерге экстремисттик топтордун тизмесин түзүп, аны соттордун кароосуна берүү укугун ыйгарат. Ал ошондой эле өкмөткө экстремисттик көз карашты тутат деп шектелген уюмдардын ишкердүүлүгүн токтотуп койуу укугун берет. Жергиликтүү укук коргоо уюмдар мыйзамда экстремизмдин так аныктамасы берилген эмес жана мыйзам күчүнө кирсе, жарандарды жана экстремисттерге тийешеси жок диний уюмдарды жазалоо үчүн колдонулуп кетиши ыктымал деп жатышат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG