ИЕРУСАЛИМ. Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси уланууда. "Жол картасы" деген тынчтык планын ишке ашыруучу төртилдик- Улуттар Уюму, Еврошаркет, АКШ жана Россиянын өкүлдөрү биринчи мартта Лондондо жолугушат. Бул жөнүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Ал эми Израилдин өкмөт башчысынын өкүлүнүн айтымында, премьер Ариэль Шарон палестин лидери Махмуд Аббас менен бир аптанын ичинде жолугушуусу мүмкүн деп айтты. Шейшемби күнү Мисирдин Шарм-аль-Шейк шаарында Шарон менен Аббас ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашышты. Палестин согушкер топтору бул макулдашуу менен өзүлөрүн байланыштуу эмеспиз деп жарыялашты. Аббастын айтымында, Израил Батыш Жээктен өз аскерлерин бир нече жуманын ичинде толугу менен чыгарып кетип, өткөөл пункттарды көзөмөлдөө палестин коопсуздук күчтөрүнө жүктөлөт.