Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Алгачкы статс-катчылар дайындалды


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин статс-катчылыгына Санаткүл Жамакеева дайындалды. Ал буга чейин бул кызматта милдет аткаруучу болуп иштеп келген. Ал эми премьер министр Николай Танаевдин буйругуна ылайык, Билим берүү министрлигинин статс-катчылыгына Гайша Ибрагимова, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин статс-катчылыгына Муратбек Мамбеталиев, Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчылыгына Айгүл Кангелдиева дайындалды. Бул тууралуу мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директору Акылбек Жумабаев «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул дайындоолор статс-катчыларга жарыяланган конкурстун биринчи этабынын жыйынтыгынын негизинде ишке ашты.

XS
SM
MD
LG