Мамлекеттик маалымат каражаттары элдерди бул күнү көчөгө чыгып, “АКШ тараптан айтылып жаткан коркунучка жооп берүүгө” үгүттөп жатышат.
«Эки жүздүүлүккө, Америка менен Израилге өлүм!” деп кыйкырып жатышты Иран аскерлери.
Ал эми президент Мухаммад Хатами иран эли согушту, зомбулукту жана жаңжалды каалабай тургандыгын, Иран эч кандай агрессияны көтөрө албастыгын айтты.
Иранды “жарышуун түрдө өзөктүк курал жасап жатат” деп айыптаган АКШ Иранга каршы куралдуу чабуул жасалаарын да төгүндөгөн жок. Женевада Иран менен Евробиримдик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. Ал эми Франция, Германия жана Британия ырасмий Тегеранды уранды байытуу ишин токтотууга көндүрүү аракетинде.
Иран болсо АКШнын айыптоолорун дагы бир ирет четке какты. Президент Мухаммад Хатами Иран «психологиялык согуш» алдында турат деп, өлкө өзөктүк курал программасы боюнча алган айрым жоопкерчиликтерден баш тарта алмак деп билдирди.