Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

КӨП АЯЛДУУЛУК КООМДУ АРТКА ТАРТАТ


Байкоочулар соңку жылдары Борбор Азияда полигамия же көп аялдуулук көбөйүп баратканына көңүл бурушат. Алардын айтымында, экономикалык каатчылык, исламдын кайра жаралуусу - кыз-келиндерди колунда бар эркектерге экинчи же үчүнчү аял болуп башын байлоого түртүп жатат. Бул көрүнүш коомго кандай таасир этиши мүмкүн? Иерусалимдеги илимпоздордун иликтөөсү көргөзгөндөй, көп аялдуулук - коомду артка тартчу көрүнүш.

Иерусалимдеги университеттин изилдөөсүн жалпылап айтсак, көп аялдуу, ага жараша көп балалуу эркектер акчасын жакын адамдарынын жан башына бөлүштүрүп отуруп, ал каражаттын сапаттуу сарпталышын көзөмөлдөй албай калат экен. Андай адамдардын балдары адатта орто, же башталгыч билим алуу менен чектелүүгө аргасыз. Андыктан, көп аялдуулук кеңири кездешкен коомдо адамдардын билим деңгээли андай көрүнүш тыюу салынган моногамиялуу коомдогудан төмөн болот.

Жөөттөр университетинин 3 профессору жарыялаган илимий доклад "Моногамиянын сыры" деп аталат. Изилдөө алыскы Африкадагы Кот-Дивуар мамлекетинде жүргүзүлгөн. Эрик Гуд университтин экономика боюнча профессору жана биз айтып өткөн изилдөөнүн авторлорунун бири.

- Негизинен, бай эркектер көп балалуу, көп аялдуу болгонду жакшы көрүшөт. Бирок өнүккөн мамлекеттер менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр ортосунда эл колундагы байлыкты кандай пайдаланат, коомдо билимдин орду кандай деген маселелерде чоң айырмачылык бар. Алсак, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө эркектер колунда болгон байлыгын илим-билимге, ички жөндөм-мүмкүндүктөрүн арттырууга жумшабайт. Алар жер, же башка мүлк сатып алганга ашыгышат. Жакыр өлкөлөрдүн күркүлдөрү балдары билимин тереңдетип, байый ала турганын аңдап биле бербейт, ошондуктан билими тайыз болсо да көп балалуу болууну самашат, - дейт Иерусалимдик профессор Гуд.


Көп аялдуулук жалаң мусулман жамаатына мүнөздүү көрүнүш эмес, андай көрүнүш ислам жана христиан динине чейинки байыркы коомдордо кеңири кездешчү. Азыркы күндө полигамия Таиландда, Африканын айрым бөлүгүндө жана кээ бир ислам өлкөлөрүндө кадимки салтка айланган.


Христиандардын мормондор агымы көп аял алуу салтын XIX кылымдан тарта жолго койгон. АКШнын Юта, Аризона жана башка айрым батыш штаттарында 30 миңдей мормондор полигамиялуу коомдо жашашат. Алардан башка Канаданын British Columbia штатында да 1000дей адам мормондордун жактоочулары.


2000-жылы Орусиялык белгилүү либерал саясатчы Владимир Жириновский көп аялдуулукка уруксат берген мыйзам долбоор даярдап, бул мыйзамдын аркасы менен өлкөдөгү демографиялык кризисти чечүүгө болот деп "ачылыш" жасаган. Депуттардын кызуу талкуусуна арзыган Жириновскийдин ал сунушу аягында өтпөй калган. Беш жылдык жарандык согуштан кийин эркектердин таңсыктыгы сезиле баштаган Тажикстанда азыр көп аялдуу кишини узакка издеп убара болбойсуз. Казакстанда мындан беш жыл илгери полигамияга уруксат берүү сунушун жергиликтүү Мусулман аялдардын лигасы көтөрүп чыгып, эркектер басымдуулук кылган парламент кабыл албай койгон. Депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүндө аталган лиганын лидери Амина Абдукарим кызы ал мыйзам кабыл алынып калса, далай эркектер менен аялдарды бактылуу кылмак деп талашкан. Азербайжандык депутаттар жакында эле Исламдык партиянын демилгеси боюнча көп аялдуулук маселесин талкуулап, аны четке кагышты. Өзбекстандык белгилүү динаятчы, шейх Садык Мухаммад Юсуф ислам дини бардык эркектерге эле көп аял алууга уруксат бере бербейт, бир нече аялын, балдарын бирдей камсыздап-багууга кудурет-чамасы жетиштүү адамдарга гана жол берет деп белгилейт.

- Ушу тапта далай эркектер исламдын бардык талаптарын эске албай эле көп аял алып жатышат. Аларды мындай кадамга адатта диний көз карашы, же башка жол-жоболор түртүп жаткан жок. Мунун себептери башка жана кантсе да, өкүндүрбөй койбойт, - дейт өзбек динаятчысы.


Аягында айтаарыбыз, Борбор Азия өлкөлөрүндө көп аялдуулук – кылмыштуулукка барабар, мыйзамдарда атайын жаза каралган көрүнүш. Адистер Кылмыш кодексиндеги бул беренелер дээрлик колдонулбаарын, кагазга жазылбаган коомдук мыйзамдар үстөмөндүк кылып, ушу тапта нике кыйдырып алып эле биринчи аялынын үстүнө кийинкисин киргизип алгандар көбөйүп баратканын айтышат. Ал эми Батыштык окумуштуулардын изилдөөсү – полигамия – коомду алдыга сүрөбөйт, тескерисинче артка тартат деп эскертет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG