Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

“ХИЗБУТЧУЛАР” ПАРЛАМЕНТКЕ ДОБУШ БЕРҮҮДӨН БАШ ТАРТЫШУУДА


Кубанычбек Жолдошев, Ош Оштогу «Хизб-ут Тахрир» уюмунун мүчөлөрү парламенттик шайлоого бойкот жарыялаганын, ал эми 18-февралда нааразылык акцияларын уюштурушаарын билдиришти. Бирок тартип коргоо органдары тыюу салынган уюмдун мыйзам боюнча нааразылык акцияларына чыгууга эч кандай укугу жоктугун ырасташууда.

4-февраль күнү Ош шаарындагы «Амир-Тимур» шаарчасындагы үйлөрдүн биринен «Хизб-ут Тахрир» уюмунун мүчөлөрү деп шектелген 21 адам колго түшкөн. Тинтүү учурунда ал үйдөн диний багыттагы адабияттар, кыргызстандык мусулмандарды келе жаткан шайлоолорго баруудан баш тартууга чакырган баракчалар табылган.

5-6-февраль күндөрү алтымышка жакын адам шаардык прокуратуранын алдына чыгышып, кармалган 21 кишинин бошотулушун талап кылышкан. 7-февраль күнү аракеттеринде кылмыштын курамы жок деген бүтүм менен кармалгандардын жыйырмасы бошотулган.

Ал эми камактагы үй ээси Улукбек Разиевге үйүнөн диний адабияттар жана баракчалар табылгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон. Кыргызстанда тыюу салынган бул уюмдун лидерлеринин бири Дилярбек Жумабаев тартип коргоо органдарынын 21 адамды кармоосу мыйзамсыз деген пикирин билдирди:

- Жыйырмадан ашык балдарды кармап кетти эле, булардан бирөөсүн алып калып калганын кое беришти. Биз азыр пикет өткөрөбүз, ошол жигитти коё берсин. Бул жигит “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөсү, ал пикирлерди таркатып жатты. Пикир таркатыш кылмышка жатпайт.

«Хизб-ут Тахрир» уюмунун жергиликтүү лидерлеринин айтымында, алар ушул жылдын 18-февраль күнү Ош, Карасуу жана Өзгөн шаарларында кыргызстандык мусулмандарды алдыдагы парламенттик шайлоого баруудан баш тартууга чакырган нааразылык акциялар өткөрүлөт. Дилярбек Жумабаевдин айтымында, мындай кадамга көпчүлүк алапкерлердин шайлоо алдындагы таза эмес аракеттери себепчи:

- Азыркы күндө парламентке депутат болуп шайланып аткандар арам жолу менен акча жыйнап, элди арак, акча, сый тамактарды таркатып, элди алдап жатышат. Бул жол менен булар парламентке келе турган болсо, элдин проблемасын кантип чечип бермек эле. Бул жол менен келген депутаттардын бизге кереги жок. Биз байкот жарыялайбыз.

Бул маселеге юридикалык баа берүү үчүн Ош шаарынын прокурору Талантбек Кожоналиевге кайрылсак, ал киши бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өскөн Осмонов шайлоолор алдындагы Оштогу «Хизб-ут Тахрир» уюмунун аракеттери боюнча пикирин мындайча билдирди:

- Мына 2003-жылы жогорку соттун чечими бар, Кыргызстанда бул уюм иш жүргүзүүгө тыюу салынган. Бардык аракеттери туура эмес. Укукту бузуп атса милициянын кызматкерлери аны камакка алса болот. Бул экстремисттик уюм болуп саналат да.
XS
SM
MD
LG