Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

КЫТАЙДА СОТТУН ӨКҮМҮ КАТААЛ, БИРОК ТЕЗ АТКАРЫЛАТ


Кытай 9- февралдан бери жаңы жыл майрамынынын шаңына бөлөнүп жаткан чакта Эл аралык мунапыс уюму бул өлкөдө адамдарды өлүм жазасына тартуу көбөйүп кеткенине тынчсыздануусун билдирди. Такталбаган маалыматтар боюнча, Жаңы жыл алдындагы эки жума ичинде эле Кытайда 200дөй киши эң катаал жазага буйрулган.

Бэйжиндик маалымат каражаттары декабрь-январь айларында Кытайда 650дөй киши өлүм жазасына өкүм этилгенин кабарлашты. Байкоочулар буга чейинки тажрыйбадан улам, бул көрсөткүч чынында кыйла жогору болушу мүмкүн, кытайлык гезиттер адатта андай маалыматтарды азайтып жазат деген пикирде.

Эл аралык мунапыс уюмунун Азиялык бөлүмүнүн өкүлү Катерин Бэйбер бул адаттагы көрүнүш, Кытайдын бийликтери жыл сайын жаңы жыл алдында жазалоо чараларын күчөтөт деген оюн айтат.

Ушу тапта 1 млрд. 300 миллиондой кытай калкынын көбү бир жумалык эс алууга чыгып, жаңы жыл майрамын жакын-туугандары менен бирге белгилеп жаткан чак. Ырасмий Бэйжин эң катаал жазага тартылгандар тууралуу маалыматтарды андай чара өтө этияттык, сабырдуулук менен колдонулуп жатканы жөнүндөгү комментарийи менен коштоп жарыялады.

Ал тапта эл аралык укук коргоочулар - баары борбордук бийликке кыңк этпей баш ийген Кытайдагы сот системасынын адилеттүүлүгүнөн күмөн санап, кыска убакыт ичинде өлүмгө кесилген адамдардын канчасы күнөөсүз болду экен деп убайым тартууда.


Эл аралык укук коргоо уюму Кытайдагы Кингдао калаасында жакында эң катаал жазага буйрулган Лу Шиле аттуу адамдын башынан өткөндөрүн мисалга келтирет. Лу киши өлтүргөнү үчүн күнөөлөнүп, анын иши гезиттерде кеңири чагылдырылды. Бирок, ал шектүү деп табылгандан кийин иши териштирилип, сотто каралып, өлүм жазасына тартылганга дейре бардыгы 24 күн гана өткөн.

Amnesty International уюму ушунча кыска убакыт ичинде маркум өз укуктарын коргоого, алгачкы сот чыгарган өкүмдү кайра карап чыгууну өтүнүп, андан жогорку сотко кайрылууга кайдан жетишсин деп кабатырланат.

Эл аралык мунапыс уюму жалпысынан кайсыл өлкөдө болбосун өлүм жазасы колдонулушуна каршы, бул – адамгерчиликсиз, барып турган ырайымсыз чара, адамды эң негизги - жашоого болгон укугунан ажыратат деп эсептейт. Дал ушул принциптен улам, укук коргоо уюму көп жылдардан бери Кытай өкмөтүн өлүм жазасын башка чаралар менен алмаштырууга үндөп келатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG