Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Пакистандагы суу каптоодон 50 адам каза тапты


ИСЛАМАБАД. Пакистандын түштүк-чыгышында көнөктөп жааган жамгырдан ташкын болуп, Пасни портуна жакын жердеги дамба жырылып кетти. Белужистан облусунун бийлик өкүлү Шер Жан Балуштун маалыматына караганда суу каптоодон 50дөй адам каза таап, дагы 500дөй тургундун тагдыры белгисиз жок болуп жатат. Жолдорду, көпүрөлөрдү суу жууп кетип, айырм айылдарды да суу каптаганы айтылууда. Пакистандын армиясы аман калгандарга жардам көргөзүп жатат. Мындай көнөктөп жааган жамгырды пакистандыктар акыркы жети жылдан бери такыр көрө элек болчу.

XS
SM
MD
LG