Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Палестин лидери аскерий уюмдардын жетекчилери менен жолугат


Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббас бүгүн "Хамас" жана "Исламдык жихад" аттуу аскерий уюмдардын жетекчилери менен жолугууга тийиш. Жыйын кечээ кечинде болмок, бирок кийинкиге калтырылган. Сүйлөшүү учурунда - Израил менен түзүлгөн жаңы келишимдин шарттарын аткаруу ыкмалары талкууланат. 8-февралда Аббас Мисирдин Шарм-эл-Шейх шаарында Израилдин премьер-министри Ариел Шарон менен жолугуп, бардык аскерий аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашкан.

XS
SM
MD
LG