Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: ФИДЕЛ КАСТРО ТАМЕКИГЕ КАРШЫ, АЛТЫН ГЕЗИТ, УНУТЧААК МИНИСТРЛЕР...


ФИДЕЛ КАСТРО ТАМЕКИГЕ КАРШЫ

Кубада коомдук жерлерде чылым чегүүгө катуу чектөөлөр киргизиле баштады. Өткөн дүйшөмбүдөн тарта аралдагы көпчүлүк ишкана, мекемелерде тамеки тартууга тыюу салынды. Коомдук жерлерден тамеки саткан автоматтар алынып салды. Мектептердин жанында чылым менен соода кылууга уруксат берилбейт. Кубада чоң кишилердин жарымына жакыны чылым чегет. Тамеки менен сигаралар өлкө кирешесинин маанилүү бөлүгүн түзөт. Имиштерге караганда, жаңы кампаниянын демилгечиси - президент Фидел Кастро. Ал өзү зыяндуу өнөкөтүн 20 жыл илгери таштаган. Жаңы эрежелер жөнүндө кеңири маалымат берилген эмес, андыктан кээ бир кубалыктар чектөөлөр тууралуу акыркы мүнөттө кабардар болушту.

Кубалык бийликтерге иш жүзүндө 500 жылдык маданият менен күрөшүүгө туура келет. Көпчүлүк кубалыктар өспүрүм чагынан бери эле чылымга көнүшөт.

Сигаралар менен тамекинен экспортунан Гавана жылына 200 миллион долларга жакын каражат табат. Ошол эле мезгилде жылына 6 миңге чукул жаран зыяндуу өнөкөттөн пайда болгон илдеттерден көз жумат.



АТА-ЭЕНЕНИН КАНАТЫ АСТЫНДА

Италияда эрезеге жеткен улан-кыздар ата-энелери менен бирге жашоону каалашат. Ушунтип айтууга жакында өткөрүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы негиз берет. Ата-энесинин үйүндө турууну каалаган 30-34 жаштагы адамдардын саны акыркы убакытта эки эсеге өсүп, 25 пайызга жетти. Баса белгилей кетели, алардын көбү эркектер.

Сурамжылоону уюштурган агенттиктин жетекчиси Аделе Меннити бул тенденция жакыңкы мезгилде жок боло калбайт деп эсептейт. Эксперттер мунун себептерин жумушсуздуктун деңгээлинин өсүшү жана Италиянын евро зонага өтүшү менен пайда болгон экономикалык кыйынчылыктар менен түшүндүрүшөт. Балдар үйлөнгөндө гана ата-энесинен бөлүнүшөт, - дейт Меннити.

Айтмакчы, баш кошуулардын саны да Италияда барган сайын азайууда. 2003-жылы 257880 жаңы үй бүлөө пайда болду. Салыштыра кетсек, 1970-жылдардын башында бул көрсөткүч эки эсеге жогору болчу.



АЛТЫН ГЕЗИТ

Кытайда дүйнөдөгү эң биринчи алтын гезит жарык көрдү. Гезит эки нуска менен гана чыкты. Алгачкы номери үчүн жарым килограмм алтын жумшалып, жалпы баасы 8 миң долларга жетти. Экинчиси арзаныраак, 3 жарым миң долларга бааланып, ага 200 грамм алтын кетти. Гезитти “China Economic Daily” деген басылма чыгарды. Ал Кытайдын жогорку мыйзам чыгаруу органынын соңку 10 сессиясынын ийгилигине арналды. Бул уникалдуу гезит “Кытайдын гүлдөп-өсүүсүнүн мезгили” деп аталды.
Ал басылып чыккан жер - түштүктөгү Гуандун провинциясынын тез өнүгүп келаткан Шенчжэн деген шаары.



СЫРТЫ ЖАЛТЫРАК…

Британдыктар косметикалык хирургияга болуп көрбөгөндөй кызыга башташты. Он кишинин ичинен алтоо пластикалык операция аларды бактылуу кылат деп ишенишет. 10 процентке жакыны болсо карыз алып, операция жасатканга даяр. Изилдөө Lloyds TCB деген банктын өтүнүчү боюнча өткөрүлгөн. Себеби, банктан кредит сураган кардарлар каражат кандай максатта пайдаланылат деген суроого “косметикалык хирургия” деп көбүрөөк жооп бере башташкан.

Эң популярдуу операциялардын катарына эмчекти чоңойтуу же тескерисинче, кичирейтүү, көздүн, кулак, мурундун формасын өзгөртүү, ашыкча майды, бырыштарды алдыруу кирет.

Пластикалык операциядан кийин өкүнбөй, чындап бактылуу болоюн десеңер, атайын квалификациясы бар дарыгерлерге гана кайрылгыла, - деп эскертишет адистер.



УНУТЧААК МИНИСТРЛЕР

Эстониянын тышкы иштер министри Кристийна Ойланд кызматынан кетиши ыктымал. Анын отставкасын талап кылып, өкмөт башчы Юхан Партс президентке кайрылды. Айрым булактар маалымдагандай, тышкы мекемеден өтө сырдуу мамлекеттик документтер жоголуп кеткен. Жакында өткөрүлгөн атайын текшерүү ТИМден 91 документ табылбай, жок болгонун көргөздү. Полиция менен өкмөт мүчөлөрү министрден түшүндүрмө талап кылганда, Ойланд айым, кагаздар ал мекемеге келе электе эле жоголгон деген жообун узатты. Бирок ал министр болуп 2002-жылы дайындалган. Дайынсыз документтердин кээ бирлери болсо 2003-2004 жылга таандык.

Буга чейин ошол эле Эстонияда коргоо министри башкы штабтын сырдуу документтерин папкесине салып, үйүнө ала барган. Ал күнү болсо министрдин үйүнө уурулар кирип, ошол папкени да көтөрүп кетишкен. Натыйжада Магнус Хансонду отставкага жиберишти.

Ушундай жоопкерсиз мамиле башка өлкөлөрдө да жолугат. Былтыр январда америкалык бир чиновник вице-президент Ричард Чейнинин Италияга боло турган визитинин деталдуу планы жазылган кагаздарды Авиано базасынын алдында машинесине калтырып койгон. Уурулар машинени ачып, портфелди алышкан. Бирок анда өздөрүн кызыктырган эч нерсе таппайбы, айтор, документтерди жолдун боюна таштап кетишкен. Буга карабай, Чейнинин сапары кийнкиге жылдырылган.

XS
SM
MD
LG